КОЙ БУУРЧАК
КОЙ БУУРЧАК (Сier L) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруусу. Бир ж-а көп жылдык өсүмдүк. К. б-тын 30 түрү Евразияда, о. эле Түн. Чыгыш Африкада көп тараган. КМШ
өлкөлөрүндө 25тей түрү Россиянын Европа бөлүгүндө, Батыш Сибирде, Кавказда ж-а Борб.
Азияда өсөт. Эгилме түрү (Сier arietinum L.) –
бир жылдык өзөк тамырлуу өсүмдүк. Тамырында азот топтоочу бактериялуу түймөктөрү бар. Сабагы түз, бийикт. 20–70 см. Жалбырагы (11–
17ден), гүлү (ак, кызыл ж. б.) майда. Өзү м-н
өзү чаңдашат. Мөмөсү – чанак. Ар чанакта 1–2,
айрымында 4төн урук байлайт. 1000 данынын салмагы 200–300 г, уругунда 30% белок, 7% май, 60% азотсуз зат, В1 витамини бар. К. б. –
кургакчылыкка өтө чыдамдуу өсүмдүк. Дүмбүл
кезинде чабылган бакалы тоют катары пайдаланылат.