КОЙ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ (Ovis aries) – ача туяктуулар түркүмүнүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы кепшөөчү мал. 8 миң жылдай илгери колго үйрөтүлгөн жапайы тоо коюнан (муфлон м-н аркардан) чыккан. Чоң койдун 32 тиши (үстүнкү ж-а астыңкы жаагын­да 12ден азуу тиштери, астыңкы жаагында дагы 8 майда тиши) бар. К-дун бийикт. 55–100, уз. 60–110 см. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 60– 180, соолугунуку 30–100 кг. К-дун көпчүлүгүнүн кочкору чагарак мүйүздүү, соолугу токол же кыс­ка мүйүздүү, өңү кара, кызыл, боз, көпчүлүгү ак болот. Уяң ж-а чала уяң жүндүү К-лор көбүнчө ак болот. К. 14–15 жыл жашап, соолугу 14–18 айлыгында жетилип, 145–155 күн көтөрүп, кө­бүнчө жалкы, кээси эгиз (3 эм туугандары да болот), ал эми роман кою 5ке чейин козу тууйт.
Ар жүз тубар соолуктан 100–120 (роман кою­нан 200–250) козу алынат. Жаңы туулган козу­нун салмагы 3–5 кг. 4 жашка чейин чоңоёт. Уяң жүндүү К-дун жүнүнүн уз. 5–9 см, чала уяң жүн­дүүнүкү 40 смге чейин, кылчык жүндүүсүнүкү 10– 15 см. Уяң жүндүү койдон жылына 8–10 кг (эң көбү 31,7 кгга жеткен), чала уяң жүндүүсүнөн 3–6 кг, кылчык жүндүүсүнөн 1–4 кг жүн кыркы­лып алынат (к. Жүн). 5–7 айлык козунун союл­гандагы салмагы 18–22 кг. Соолугу байыганга чейин 50–200 кг, кээ бир породаларыныкы 1000 кгга чейин [мис., остфрисланд породасы­нын соолугу (Нидерланд)] сүт берет. К-дун не­гизги тоюту: табигый ж-а эгилме жайыт чөбү, саман, силос, жем ж. б. К. эрте жаздан кеч күзгө чейин, ал эми кар аз түшкөн жылуу аймакта жыл бою жайытта багылат. Ар кандай шартка (ысык, суук, бийиктик ж. б.) байымдуу. К. бар­дык өлкөлөрдө багылат.

Т. Ж. Чортонбаев.