КОЗУБЕКОВА
КОЗУБЕКОВА Мейликан (16. 10. 1932, Талас р-ну, Түлкү-Төбө айылы – 9. 5. 1974, Фрунзе) – ко

музчу, солист, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1967). 12 жашынан комуз черткен. 1955-ж. Талас р-нун өздүк көркөм чыглыгынын респ. кароосуна катышып, биринчиликке жет ишкен . 15 жашында Кыргыз мамл. филармониясына солист болуп кабыл алынган. Залкар өнөрпоздор Эркесары, А. Огомбаев, А. Үсөнбаев, К. Орозов,
Ш. Шеркулов, Ы. Тумановдон таалим алган. 1957-ж.
Москвада өткөн Жаштардын ж-а студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 2-фестивалына катышып, лауреаттык наамга ж-а алтын медалга татыган. 1958-ж. Москвада өткөн Кыргыз иск-восу м-н ад-тынын он күндүгүнө катышкан. 1962–67-ж. В. Маяковский атн. Кызкелиндер пед. инт-тунун музыка кафедрасында иштеген. Анын аткаруусунда «Чайкама», «Маш ботой», «Кара өзгөй» күүлөрү айрыкча чет өлкөлүк угуучулар тарабынан жогору бааланган.
К. – «Эрке кыз», «Бакыт» деген күүлөрдү чыгарган. Польша, Моңголия, Венгрия, Германия Демокр. Респ-нда, Бельгия, Кытай, Алжир, Сирияда ж-а СССРдин шаарларында гастролдо болгон. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. 1992-ж. Таластын А. Огомбаев айылындагы мектепке анын ысмы берилип, музейи ачылган.