КОЗУ-БАГЛАН
КОЗУ-БАГЛАН , К о ж о - Б а к ы р г а н - С а й – Баткен обл-нун Лейлек р-ну м-н Тажикстандын Хожент обл-ндагы суу, Сыр-Дарыянын сол куймасы. Уз. 117 км, алабынын аянты 2150 км2. Түркстан кырка тоосунун түн. капталынан башталат. Баш жагы (Өрөмдүн чатына чейин) Лайли-Мазар, ортоңку агымында (көп бөлүгү) К.-Б-дын төмөн жагы Кожо-Бакырган- Сай аталат. Жогорку ж-а ортоңку агымында тоо аралап кууш өрөөндөр м-н агат. Аучи-Калача кыш. ченде өрөөнгө чыгып, өзөнү кеңийт ж-а суунун көбү сугат каналдарына бөлүнүп кетет. Ири куймалары: Өрөм, Жети-Көпүрө, Бөрк-Суу (оң), Кожо-Бакырган-Сай (сол). Негизинен кар, мөңгү ж-а жер астындагы суудан куралат. Апрелде кирип, октябрда тартыла баштайт. Жылдык орт. чыгымы Андаркан кыш-на жакын 11,0 м3/сек, эң көбү 100 м3/сек, азы 3,4 м3/секга жетет. К.-Б-дан Кулунду (Кырг-н), Гулянандоз (Тажикстан) ж. б. каналдар чыгарылган. Боюнан Лейлек, Андаркан, Тагап, Кызыл-Чарба, Өзгөрүш, Аучи-Калачи ж. б. кыш. орун алган. Кожо-Бакырган-Сайдын сол жээгинен байыркы таш доорундагы адамдардын журту табылган.