КОЖОМКУЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОМКУЛОВ Асан (23. 8. 1932, Чүй обл., Кемин р-ну, Жаңы-Алыш кыш. – 9. 10. 2001, Бишкек) – мамл. ишмер. СССР ж-а Кыргыз ССР мамл. сыйл. лауреаты (экөө тең 1982), Кыргыз ССРинин эмг. сиң. ирригатору (1981). 1955-ж. Скрябин атн. КАЧИнин бүткөн. 1955–63-ж. Тянь-Шань обл., 1963–67-ж. Баткен обл., 1967– 72-ж. Ош обл. суу чарба ме­кемелеринин башчысы,

1972–79-ж. Кыргыз ССРи­нин суу чарба министри, 1979–90-ж. СССР суу чарба

министрлигине караштуу «Кыргыз суу чарба куру­луштун» башкы башкарма­сынын башчысы болуп иш­теген. Анын жетекчилиги м-н Киров, Төрт-Күл, Ала- Арча суу сактагычтары, Чоң Чүй, Чоң Талас, Сокулук, Панфилов, Кемин, Кочкор, Баткен, Токтогул каналдары, Он-Арча, Ак-Жар, Кула­нак, Ит-Агар, Жылтыр, Жерге-Тал насостук станциялары курулуп, ишке киргизилген. Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин беш жолку депу­таты. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ор­дендери м-н сыйланган. Баткен обл-ндагы Төрт- Күл суу сактагычына, Бишкек ш-ндагы ж-а Ке­мин шаарчасындагы бирден көчөгө ысмы ыйга­рылган.