КОЖОМКУЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОМКУЛ (1982-ж. чейин С е г и з и н ч и М а р т) – Чүй обл-нун Жайыл р-нундагы кыш­так. Кожомкул айыл округуна караштуу. Көкөмерен суусунун боюнда, деңиз деңг. 2069 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кара-Балта ш-нан 120 км түн.-чы­гыш тарапта. Кыштак 1938-ж. негизделген. Калкы 1001 (2007); негизинен мал багышат. Орто мектеп, китепкана, клуб, амбулатория бар. Соо­да түйүндөрү иштейт. Кыштак кыргыз балбаны Каба уулу Кожомкулдун ысмынан аталган. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры К. Төкөлдөшев туулган.