КОЖОМКУЛ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОМКУЛ Каба уулу (1888, Суусамыр өрөө­нү – 1955, ошол эле жер) – кыргыз элинин алп балбаны; Кырг-нда Совет бийлигин орнотууга ж-а чыңдоого активдүү катышкан.

1925–30-ж. Суусамыр кедейлер к-тинин төрагасы, Кара-Бал­та р-ндук жер бөлүмүнүн башчысы, 1930–42-ж. Жумгал р-нундагы Баш- Кууганды, Кайырма, Көкө­мерен (Суусамыр) айыл ке­ңештеринин төрагасы, 8-март колхозунда ферма башчысы болуп иштеген. 1942–49-ж. Сокулук р-нундагы «Побе­да» колхозунун кой ферма­сын башкарган. 47 жашын­да салмагы 164 кг, боюнун уз. 1 м 97 см (башка маалы-


мат б-ча салмагы 203 кг, бою 2 м 36 см) болуп, 52-өлчөмдөгү өтүк кийген. Колунун манжала­рынын уз. 26 смге чейин, баш бармагынын жоондугу – 6 см, далысы – 76 см болгон. Ал балбандыгын ата-энесинен мурас катары алган. Атасы Кошуке уулу Каба (1827–1906) кара күчкө эгедер, эл оозуна алынган адам болгон. Энеси Алмадай эр сайышка түшүп жүргөн. К-дун күчтүүлүгү бала чагында эле байкалган; 15 жа­шында күрөшкө түшүп, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Казак балбаны Балбан Чо­локту (Балуан Шолакты) жыккандан кийин, атагы казак элине да кеңири тараган. Анын балбандыгы ж-дө эл оозунда көп аңыз айтылат. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жа­шында Суусамыр өрөөнүнүн Арамза төрүндө сал­магы 635 кг ташты 100 мдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч м-н уруп киргизген («Кожом­кулдун ташы»). Чүйдөн Суусамырга бараткан­да баспай калган атын көтөрүп, Төө-Ашуудан ашкан. Сом темирди ийип, ат таканы бир колу м-н кысып сындырган. Эмгек Кызыл Туу орде­ни м-н сыйланган. 1962-ж. К-дун урматына Кыргызстан күрөш федерациясы эркин күрөш б-ча байге белгилеген. Бул байге үчүн мелдеш Бишкекте жыл сайын өтүп келет. 1968-жыл­дан респ-нын ачык биринчилиги өткөрүлүп, 1975-ж. Бүткүл союздук мелдештин статусун алган. Ысмы Суусамырдагы айылга (музейи да ачылып), Бишкектеги спорт сарайына (1993) бе­рилип, айкели орнотулган. «Каба уулу Кожом­кул» аттуу даректүү фильм тартылган (1990).


Ад.: Байман Ф. Е., Никулин В. П. Кожомкул – ле­гендарный баатыр кыргызов. Б., 1996; Эсенгулов Ш. Кожомкул, Б., 2003; Койчуманова Ч. У., Сапарбеко­ва А. А. Кожомкул тарыхый инсан. Б., 2007.

С. Төралиев.