«КОЖОЖАШ»
«КОЖОЖАШ» – кыргыз эл дастаны. Кожожаш мерген ж-дөгү окуянын эл арасына таралышы легенда-аңыздарды жараткан. Ал аңыз-легендалардын мазмунуна караганда, айылдан чыккан мыкты мерген ачарчылыкта, оорчулук учурда жалаң илбээсин, кийиктерди атып келип, элди ачкачылыктан куткарып, өлүмдөн сактап калган. Мына ушундай аңыз-легендадан «К.» эпосу пайда болгон. Аны айрым изилдөөчүлөр баатырдык эпоско ыйгарса, кээ бири социалдыктурмуштук эпоско ыйгарып жүрөт. Кытай уруусунан чыккан көзгө атар мерген Кожожаштын Зулайка сулууга үйлөнүшү, касиеттүү кайберен Сур эчки м-н эрегиши, Сур эчкинин каргышына калып мерт болушу, Кожожаштын уулу Молдожаш баралына жеткенде атасынын кунун кууп, Сур эчкиден өч алышы эпостун сюжеттик негизин түзөт. Дастандын уюткусу элдин аң-сезиминде реалисттик таанымдын мифол. ой жүгүртүү ж-а диний ишенимдер дин жуурулушунан жаралган деп болжоого болот. Дастанда өзгөчө адам баласы м-н жаратылыш ортосундагы аң-сезимдүү байланыш, адамдын ага болгон адеп-ахлактык мамилеси курч коюлган. Адамдын билгенден билбестикке ташталган кадамынын түбөлүктүүлүгү ж-а анын жеңиштүү болору да турмуштун өсүп-өнүгүү логикасына ылайык берилген. «К-тын» үч варианты бар. Биринчи вариантын 1923-ж. К. Мифтаков С. Конокбаевден жазып алган; экинчи варианты А. Үсөнбаевдин айтуусу б-ча кагазга түшүрүлүп, 1938-ж. жарыкка чыккан; үчүнчү варианты 1949-ж. фольклорист З. Мамытбеков айтуучу Т. Жээнтаевден жазып алган. Бул варианттар ортосунда кескин айырма жок. Албетте, ар бир айтуучунун окуяны баяндоо манерасы, көркөм көрө билүүсү ж-а образ жаратуу ыкмаларында айырмалар бар. «К.» эпосунун негизинде М. Байжиев «Байыркы жомок» (1975) аттуу драма жазган. Драма «К-тагы» коюлган проблемалар бүгүнкү көркөм өркүндөөнүн талабына шайкеш жаңы мазмунга ээ. 1984-ж. «Ак илбирстин тукуму» аттуу фильм тартылган (реж. Т. Океев). 1985-ж. Берлинде өткөн кинофестивалда «Серебрянный Медведь» сыйл. татыктуу болгон.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2002.