КОЁН ТЕБИШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЁН ТЕБИШ – балдардын, жаштардын күч сынашкан оюну. Экөө аркы-терки чалкасынан жатып, оң же сол карууларын бири-бирине илиштирип алышат. Андан кийин оң же сол буттарын жогору көтөрүп, согончокторун илиш­тире экөө эки тарапка тартат. Кимиси оодара басып, көмкөрүп кетсе, ал жеңген болот да, мөрөй ошого ыйгарылат. К. т. той-тамашалар­да ойнолгон.