КОВАЛЁВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОВАЛЁВ Александр Александрович (1921- ж. т., Москва обл., Люберцы) – геолог, геоло­гия-минералогия илимд. доктору (1970), СССР-дин мамл. сыйл. эки жолку лауреаты. Москва геол. чалгындоо ин-тун бүткөн (1943). Кыргыз ССРинин Геология башкармасынын геол. пар­тияларында ж-а экспедицияларында улук, баш­кы геолог болуп иштеген. Кийин МГУда эмгек­тенген. Кырг-ндагы уран кендеринин бирин ачуу­га ж-а чалгындоого активдүү катышкан. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар м-н сыйланган.