КОБЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́БЕ – Япониядагы шаар. Хиого префектура­сынын адм. борбору. Хонсю а-нын түш.-баты­шында, Осака кысыгынын жээгинде, бир топ бөлүгү калдыктардан пайда болгон Порт-Айленд (1966–81, аянты 826 га; шаар м-н «Минатодзи­ма» суу астындагы тоннели ж-а эки ярустуу көпүрө аркылуу байланышат) ж-а Рокко (1992,

Икута храмы. 3-к.

595 га) а-нда жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2008).
Өлкөнүн маанилүү жолдор тоому. К-де «Мей­син», «Хансин», «Санъё», «Тюгоку» Кобе – Авад­зи – Наруто жогорку ылдамдык автострадала­ры өтөт. Акаси кысыгы аркылуу өткөн автомо­биль асма көпүрөсү (1998; уз. 3,9 км, таянычы­нын бийикт. 298 м, дүйнөдөгү эң бийик ж-а узун) аркылуу Авадзи а. м-н байланышат. Порт ар­кылуу жылына 95,5 млн т жүк ташылат (2006, өлкөнүн сырткы соодасынын 1/ и). «Токайдо» т. ж. магистралынын (Кобе – Токио) батышта­гы акыркы пункту. Шаардагы т. ж. тармакта -


ры толугу м-н автоматташтырылган (1981; дүй­нөдө биринчи жолу). К-нин жайгашкан жерин­де эл байыртадан эле отурукташкан. 1889-жыл­дан шаар статусуна ээ. 1907-жылдан порт. Госи­кидзука кофун-коргону (4-к-дын аягы – 5-к-дын башы), храм комплекстери (а. и. Икута синтоист храмы, 3-к-дын башы), Хакоги-Сенненя ба­йыркы чарбагы ж. б. сакталган. К-де 100дөн ашык эл аралык корпорациялардын өкүлчүлүк­төрү, Япониядагы ири ишканалар м-н компа­ниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Кеме куруу, металлургия, машина куруу, аскер, хим., нефть-хим., текстиль ө. ж. ишканалары иштейт. Кондитер азыктар өндүрүшү (1931-ж. орус ишкери В. Ф. Морозов тарабынан негиз­делген) өнүккөн. Япониядагы илим, билимдин башкы борбору. Ун-ттер (а. и. мамлекеттик эмес­тер да бар), ИИИлер, китепканалар, музейлер (а. и. сүрөт ж. б.) бар. Туризм өнүккөн. К. 1995- жылкы жер титирөөдө кыйрап, 2005-ж. толу­гу м-н кайрадан курулган.