КОАГУЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОАГУЛЯ́ЦИЯ (лат. сoagulatio – уюу, коюула­нуу) – молекулардын тартылуу күчтөрүнүн таа­сири м-н майда бөлүкчөлөрдүн биригип, чоңу­раак бөлүкчөлөрдү пайда кылуусунун натыйжа­сында коллоиддик эритмелер фазаларга ажы­рап, чөкмөлөрдү же килкилдектерди пайда кы­луу процесси. К. кубулушу өзүнөн-өзү абдан жай жүрөт. Аларды тездетүүнүн эң негизги ыкмала­ры – коллоиддик эритмелерге ар түрдүү элек­тролиттерди кошуу. Электролиттерди кошкон­до, коллоиддик бөлүкчөлөрдүн алгачкы зарядда­ры азаят же нейтралдашат да, К. процесси тез­дейт. Кээ бир коллоиддик эритмелер темп-ра­нын жогорулашынан К-ланат. Мис., жумуртка агынын уюшу, сүттүн эжигейге айланышы ж. б. К. жаратылыштагы процесстерде кенен тарал­ган, мис., геологияда минералдын пайда болу­шу, атм-да аэрозолдун таркашы, ө. ж-да сус­пензия, эмульсиялардын пайда болуусу.