КНЯЗЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КНЯ́ЗЬ – 1) 9–16-к-да сла­вян ж-а кээ бир башка элдердеги феодалдык­монархиялык мамлекеттердин башчысы же ак сөөктөрдүн өкүлү. К. адегенде аскердик демокр. органдарды башкарып, кийин алгачкы феодал­дык мамлекеттин башчысына айланган. Алгач К-дык бийлик шайлоо аркылуу берилсе, кийин мураска (Байыркы орус мамлекетинде Рюрико-

вичтер, Улуу Литвада Гедиминовичтер ж-а Ягел­лондор, Польшада Пясттар, Чехияда Пржемыс­ловичтер ж. б.) өткөн. Байыркы орус мамле­кетинде ж-а Литвада өлкө башчылары Улуу К., калгандары уделдик К-дар деп аталган; 2) мурас аркылуу бериле турган дворяндык титул. Алгачкы К. титулун Россияда 18-к-да Д. И. Меньшиков алган. К-дык наам Россияда Октябрь рев-ясы жеңгенден кийин ББАКтын 1917-жылдын 10 (23)-ноябрындагы «Катмарлар­ды ж-а жарандык чиндерди жоюу жөнүндө» дек­ретинен кийин күчүн жоготкон.