КЛЮЧИ ЖАНАРТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛЮЧИ́ ЖАНАРТООСУ – Евразиядагы ж-а Россиядагы эң бийик аракеттеги жанартоо; Кам­чатканын чыгыш бөлүгүндө. Бийикт. 4750 м. Андезит-базальт лаваласынан түзүлгөн. Дайы­ма түтөп туруучу кратерлүү негизги конустун эте­гинде 84 конус ж-а кратер бар. Кыры кар, мөңгүлүү; капталдарында фумарол м-н сольфа­тара процесстери жүрөт. 270 жыл ичинде 50дөн ашык катуу атылуулар болгон; эң акыркы жолу 2007-ж. атылган. «Камчатка жанар тоолорунун курамында» Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизме­сине (1996) кирген.