КЛИНИКА
КЛИ́НИКА (гр. clinike – дарылоо) – оорулууну дарылоочу, студенттерди ж-а врачтарды окутуучу, о. эле ил.-из. иштер жүргүзүлүүчү оорукана тибиндеги мекеме. К. бардык мед. ЖОЖдо, врачтардын билимин өркүндөтүү ин-ттарында, о. эле көбүнчө ИИИлерде болуп, К-лык оорукана деп аталат.