КЛИМАТОЛОГИЯ
КЛИМАТОЛО́ГИЯ (климат ж-а –логия) – Жер шарынын климаты, анын типтери, пайда болуу факторлору, таралуу ж-а мезгилге карай өзгөрүү закон ченемдери ж-дөгү илим. География илиминин системасына кирип, метеорологиянын маалыматтарына таянат. Жалпы же физ. К-га ж-а климатографияга бөлүнөт. Атмнын бийик катмарларын аэроклиматология, жер бетиндеги аба катмарын микроклиматология, геол. ж-а өткөн тарыхый мезгилдердикин палеоклиматология изилдейт. Колдонмо К-га биоклиматология, агроклиматология, курорт К-сы, мед. К. ж. б. кирет.
Ад.: Сорокина В. Н., Гущина Д. Ю. Климатология.
География климатов. М., 2006.