КЛИМАТОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИМАТОЛО́ГИЯ (климат ж-а –логия) – Жер шарынын климаты, анын типтери, пайда бо­луу факторлору, таралуу ж-а мезгилге карай өзгөрүү закон ченемдери ж-дөгү илим. Геогра­фия илиминин системасына кирип, метеороло­гиянын маалыматтарына таянат. Жалпы же физ. К-га ж-а климатографияга бөлүнөт. Атм­нын бийик катмарларын аэроклиматология, жер бетиндеги аба катмарын микроклиматология, геол. ж-а өткөн тарыхый мезгилдердикин па­леоклиматология изилдейт. Колдонмо К-га био­климатология, агроклиматология, курорт К-сы, мед. К. ж. б. кирет.


Ад.: Сорокина В. Н., Гущина Д. Ю. Климатология.
География климатов. М., 2006.