КЛЕТКА ТЕОРИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛЕ́ТКА ТЕОРИЯСЫ – тирүү организмдердин келип чыгышы, өнүгүшү ж-а түзүлүшү бирдей эк ендигин дали л деге н би ол. жый ынтык.
Өсүмдүктүн клеткалык түзүлүшүн биринчи бо­луп англ. физик Р. Гук (1665) байкаган. Андан кийин голл. табият таануучу А. Левенгук (1680) бир клеткалуу организмдерди ачкан ж-а бирин­чилерден болуп жаныбар клеткасын (эритро­циттер) көргөн. Кийинчерээк итал. окумуштуу Ф. Фонтана (1781) жаныбар клеткасын сүрөттөп жазган. Өсүмдүк клеткасынын ядросун англ. окумуштуу Р. Броун (1831) ачкан. К. т-н түзүүгө немис физиологу Т. Шванн чоң салым кошкон.
Өсүмдүк ж-а жаныбарлардын ткандык түзүлү­шүн салыштырып, алардын клеткалык түзүлү­шүнүн ж-а өсүүсүнүн окшоштугун көрсөткөн. Кийинчерээк К. т-нда көбүнчө бир клеткалуу ор­ганизмдер изилденип, клетканын негизги ком­поненти болгон ядро ж-а протоплазма ж-дөгү түшүнүк калыптанып, клетканын бөлүнүшү да­лилденген. Митоздук бөлүнүүнүн ж-а клетканын негизги органоиддеринин ачылышы, кийинче­рээк биохимиянын ж-а мол. биологиянын өөр­чүшү м-н клетканын түзүлүшү ж-а аткарган кыз­маты, тирүү табияттын клетка деңгээли ж-дөгү азыркы түшүнүктөр калыптанган. Клетканын түзүлүшү, тиричилик-аракети ж-а өөрчүшү ж-дөгү жаңы маалыматтардын алынгандыгы­на карабастан, К. т-нын негизги жоболору өзүнүн маанисин жоготкон жок: 1) клетка – ти­рүү организмдин эң жөнөкөй бирдиги; 2) ар түрдүү организмдин клеткалары өзүнүн түзүлүшү, хим. курамы, зат алмашуусу б-ча гомология­луу; 3) жаңы клетка өзүндөй эле (баштапкы) клеткадан бөлүнүү жолу м-н пайда болот; 4) көп клеткалуу организмдер бүтүн ткань ж-а орган­дар тутумуна бириккен, бири-бири м-н жөнгө салынуунун клетка аралык, гумордук ж-а нерв­дик байланышкан клеткалардын татаал тобу. Азыркы К. т. көп клеткалуу организмди өз ара аракеттенишкен ж-а кызмат аткарган татаал система катары карайт. Клетканын негизги түзүлүш элементи ядролуу эукариот, о. эле яд­росуз прокариотко да окшош болот. Вирустар өз алдынча жашай албайт ж-а өзгөчө клетка митеси экендигине карабастан, алардын жашоо­су тирүү организмдин клеткалык түзүлүшүнүн жалпы бирдейлигин бекемдейт. Ошону м-н бирге баарыдан мурда хим. курамынын ж-а зат ал­машуусунун окшоштугун далилдейт. Нуклеин к-талары ж-а белоктор клетка тиричилигинде­ги маанилүү бөлүктөр, алардын синтезделиши ж-а айланышы жалпы бирдей ж-а бардык тирүү организм клеткасында бири бирине окшош.

Т. Дөөлөткелдиева.