КЛЕМЕНЦ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛЕ́МЕНЦ Елизавета Николаевна [1859 (1854), Красноярск – 4. 1. 1914, Москва] – байыркы түрк жазуу эстеликтерин ачкандардын бири, бо­таник, Д. А. Клеменцтин аялы. Казандагы Радион ин-тун ж-а Санкт-Петербургдагы (1884) Бестужев курстарын (табият-тарых бөлүмүн) бүткөн. 1884-ж. Минусинскидеги жерг. аялдар прогимназиясынын башчысы болгон. 1887-жыл­дан күйөөсү Д. А. Клеменцтин бардык экспеди­циясына катышып, ботаника бөлүмүн жетек­теген. 1897-ж. Түн. Моңголияга барган учурда Тонйукукка арналган эстеликти тапкан.


Ад.: Адрианов А. В. (некролог). Памяти супругов Клеменц//ИВСОРГО. Т. 45. СПб., 1917.