КЛАССИЦИЗМ
КЛАССИЦИ́ЗМ (лат. classicus – эң үлгүлүү) – 17–19-к-дын башында ад-т м-н иск-водо байыркы мурастарды идеалдуу үлгү катары туураган стиль, багыт. Европадагы улуттук борбордоштурулган кубаттуу монархиялардын акыркы түзүлүш доорунда пайда болгон. К. абсолютизмдин жогорулоо мезгилинин чагылышы катары 17-к-да Францияда түзүлгөн. А д аб и я т т а К. Байыркы Грекия м-н Байыркы Римдин классикалык чыгармаларын үлгү туткан. К. багытында чыгарма жазгандар антикалык ад-ттын үлгүлөрүн туурашкан, белгилүү эрежелер б-ча көркөм образдарды түзүшкөн. 17– 18-к-да К. француз ад-тында калыптанып, анын эң ири өкүлдөрү: Н. Буалонун (1636–1711) ырлары, П. Корнелдин (1606–84), Ж. Расиндин (1639–99) трагедиялары, Ж. Б. Мольердин комедияларыж.б.кеңирибелгилүүболгон.К.Россияда 18-к-дын 2-жарымынан өнүгө баштаган (А. Д. Кантемир, А. П. Сумароков, В. К. Тредиаковский, Д. И. Фонвизин ж. б.). Бул багыттагы калемгерлер чыгармаларында өлкөнүн турмушу үчүн өтө маанилүү окуяларды сүрөттөөгө аракеттенишкен. К-дин иск-водогу өзгөчөлүгү жаратылышты ж-а байыркы иск-вонун үлгүлөрүн тууроо, үч биримдиктин (окуя, мезгил, жер) шарттуу түрдө болушу, мамлекетке кызмат кылуу ж. б. болгон. К. эки (дворяндык, прогрессчил) багытта өнүккөн. Дворяндык багыттагылар турмушту идеалдаштырып, риторикалуулукка ыкташкан. Экинчи багыттагылар – трагедияда идеалуулук м-н эмоциялуулукка, ал эми комедияда сатиралык типтештирүүгө жетишкен. 17-к-дагы К. көркөм идеалдардын бир аз абстракттуулугу, жалаң акылэске таянуучулук мүнөзү, адам м-н табиятты идеалдаштырууга умтулуу, эстетикалык нормаларга баш ийүү, тактык көркөм формалардын ийкемдүүлүгү мүнөздүү. Ж и в о п и с т е 18-к-да К-дин ири өкүлү живописчи Ж. Л. Давид биринчи кезекте байыркы дүйнөнүн идеал-

дарына, эркиндик үчүн күрөшүүчүлөрдүн эрдиктерине кайрылган. Бир жагынан романтизмге жакындоо м-н 18-к-дагы К. бир топ деңгээлде дворяндык К-дин абстракттуулугун жеңе алган ж-а көркөм өнөрдө татаал сезим дүйнөсү м-н көз караштарын бекемдеген. Наполеон империясынын доорундагы К. (ампир деп аталган) негизинен императордук байыркы Рим көркөм өнөрүнөн багыт алган ж-а көбүрөөк шаан-шөкөттүк белгилерге ээ болгон. К-дин көрүнүктүү өкүлдөрү: сүрөтчүлөр Н. Пуссен, Ш. Лебрен, К. Лоррен, Д. Энгр (Франция), А. Р. Менгс, Й. А. Кох (Германия) ж. б.; скульпторлор – Ж. Б. Пигаль, Э. М. Фальконе (Франция), И. Г. Шадов (Германия), Б. Торвальдсен (Дания), А. Канова (Италия). Россиянын сүрөт өнөрүндө К-дин өнүгүшү 1757-ж. Петербургда

уюшулган Сүрөт академиясына байланыштуу. Орус тарыхый живописинин өкүлдөрү А. П. Лосенко, Г. И. Угрюмов, А. И. Иванов, К. П. Брюллов гуманизм идеяларын, патриотизмди туу тутушкан. Орус К-инин өкүлдөрү скульпторлор М. И. Козловский, И. П. Мартос, Ф. Ф. Щедрин идеалык жеткилеңдикке, классикалык образдын беделдүүлүгүнө жетишкен. А р х и т е кт у р а д а К-ди Францияда Ж. Ардуен-Мансар, А. Ленотр (Версаль ак сарай-парк ансамблин түзүүчүлөр), Ж. А. Габриэль, К. Н. Леду, Англияда К. Рен, Россияда В. И. Баженов, М. В. Казаков, А. Н. Воронихин, А. Д. Захаров, К. И. Росси ж. б. өнүктүргөн. Арх-ралык курулуштардын формаларынын геометриялуулугу ж-а таа-

сындыгы, пландын логикалуулугу, дубалдарынын ордер ж-а жөнөкөй жасалга м-н айкалышкандыгы мүнөздүү. М у з ы к а д а инсандын жашоосунун ички ыргагы, акыл-эси, ой-толгоосу ички мыйзам ченемдүүлүккө, эриш-аркактыкка баш иерине, ушундан улам жашоонун ошого ылайыкталгандыгына ишенген. К. көркөм өнөрдү адамзат рухунун бийиктигинин далили катары карап, ички ыргактын төп келишин, жанрдык эреженин сакталышын, кейипкерлердин мүнөзүн ачуудагы типтүүлүктү талап кылган [Й. Гайдн, В. Моцарт (Австрия); Л. Бетховен (Германия); Ж. Б. Люлли (Франция)]. Т е а т р искусствосу үчүн спектаклдин салтанаттуу, салмактуу түзүлүшү, ырларды жай окуу мүнөздүү (Францияда Мондори, Т. Дюпарк, М. Шанмеле, А. Лекен, Ф. Ж. Тальма, Э. Рашель; Германияда К. Найбер; Россияда Ф. Г. Волков, И. А. Димитриевский) болгон. 20-к-да К-дин көркөм салттары неоклассицизмде жанданган.
Ад.: Русский и западноевропейский классицизм.
Проза. М., 1982; Даниэл С. М. Европейский классицизм. СПб., 2003; Карев А. Классицизм в русской живописи. М., 2003; История зарубежного театра. СПб, 2005.