КЛАССИКАЛЫК АДАБИЯТ
КЛАССИКАЛЫК АДАБИЯТ – бардык мезгилде
идеялык мазмуну ж-а көркөмдүк жагынан эң жогору бааланган ад-т үлгүсү; кеменгер акынжазуучулар жараткан, коомдук мааниси м-н касиети бийик чыгармалар. К. а. адамзаттын адамгерчилик ж-а агартуучул идеяларын туу туткан. Ар бир элдин тарыхый тагдырына байланыштуу К. а. бир элде эрте, бир элде кечирээк пайда болгон. Мис., Грекияда б. з. ч. 5-к-да, Римде
1-к-да, О. Азия ж-а Чыгышта 9–12-к-да, Францияда 17-к-да, Россияда 19-к-да өнүккөн А. С. Пушкин, А. П. Чехов, М. Ю. Лермонтов, Н. А. Некрасов, И. С. Тургенев, Л. Н. Толстой ж. б. Кыргыз К. а-ынын жаралышы да 19-к-га таандык.
Анын өкүлдөрү – Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылыч, Эшмамбет, Жеңижок, Т. Сатылганов, Тоголок Молдо, Б. Алыкулов, К. Тыныстанов, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков, А. Осмонов, С. Эралиев, Ч. Айтматов, Т. Касымбеков ж. б.