КЛАПРОТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛА́ПРОТ Генрих-Юлий (11. 10. 1783, Берлин – 27. 8. 1835, Париж) – ориенталист, лингвист, синолог, академик (1807). Кытай тилине кызы-


гууну гимназиядан баштаган. 1801–02-ж. Гал­ле ун-тинeн классикалык филология б-ча би­лим алгандан кийин Веймар ш-нда немиc ти­линдеги «Азия дүкөнү» («Asiatisches Magazin», 1802) журналынын 1-санын чыгара баштаган. Көп өтпөй Россия ИАнын аскер аспирантура­сына (адъюнктантура) чакырылып (1804), Кы­тайга элчиликти коштоп барууга мүмкүнчүлүк алган (1805). Иркутск, Кяхта ш-нда кыргыз, башкырт, тунгус, якуттардын тили, үрп-адаты м-н таанышып, анын негизинде сөздүктөрдү түз­гөн ж-а ал тилдерди классификациялап, моң­гол, манжур тили б-ча лингв. маалымат жый­наган. Петербургга кайтып келгенде (1807) эк­страординар академик деген наам ыйгарылып, Александр I 300 сомдук пенсия чектеген. Рос­сия ИАнын тапшырмасы м-н Кавказда этногр. изилдөөлөрдү жүргүзүп (1808), анын негизинде жазган «Aзия адабияты, тарыхы жана сөздүгү боюнча архив» («Archiv fur asiatische Litteratur, Geschichte und Sprachkunde») деген эмгегин фран­цуз, немис тилдеринде жарыялаган. 1818-жыл­дан Парижде иштеп, кытай тилинен которууга кошумча түшүндүрмөлөр киргизген. Манжур хрестоматиясын түзгөндүгү үчүн азия тили ж-а ад-ты б-ча профессор наамын алган. Кытай ти­линин кээ бир өзгөчөлүктөрү тууралуу Н. Я. Би­чурин (Иакинф) м-н талаш-тартыш жүргүз­гөн. К-тун эмгегинде кыргыздар ж-дө да кеңири маалымат кезигет.


Ад.: Веселовский Н. Клапрот Ю.-Г. // Русский био­графический словарь (Ибак-Ключарев). СПб., 1897.

Э. Турганбаев.