КЛАПЕЙРОН ТЕҢДЕМЕСИ
КЛАПЕЙРО́Н ТЕҢДЕМЕСИ (Клапейрон – Менделеев теңдемеси) – идеалдык газдардын абалын аныктоочу термод. параметрлердин (көлөм V, басым р ж-а абс. темп-ра Т) ортосундагы көз карандылыкты туюнтуучу теңдеме: рV=ВТ. Мында пропорциялаштык коэфф. В газдын M массасына ж-а жаратылышына (б. а. моль массасына) көз каранды. Теңдемени Б. П. Э. Клапейрон 1834-ж. аныктаган. 1874-ж. Д. И. Менделеев идеалдык газдын 1 молу үчүн абал теңдемесин чыгарган: pV=RT, мында R – универсалдык газ туруктуулугу. Эгер газдын моль массасын m деп белгилесек, анда PV=RTM/m. Бул туюнтма Клапейрон – Менделеевдин идеалдык газ абалынын теңдемеси деп аталат. Бул теңдеме Бойль – Мариотт, Гей-Люссак ж-а Авогадро закондорун бириктирет. Анча чоң эмес басымда ж-а жогорку темп-раларда К. т. реалдык газдардын (мис., атм. абага, кыймылдаткычтан чыккан калдыктарга) абалын белгилүү даражадагы тактык м-н мүнөздөөгө колдонсо болот. Көп кездешүүчү газдар – суутек, гелий, кычкылтек, аба, азот ж. б. идеалдык газга окшош болгондуктан, К. т. колдонулат.