КЛАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАН (кельтче clann – укум-тукум, урпак) – 1) кельт элдеринде уруктун, кээде уруунун ата­лышы; уруулук мамилелер ыдырай баштаган мезгилде – уруктун түпкү атасынын ысмын тут­кан кандаш бир туугандардын тобу. К. жерге болгон жалпы менчикти, уруулук түзүлүштүн башка салттарын (кан куумай, кепилдик) кар­манган. Шотландия м-н Уэльстин айрым аймак­тарында К. 19-к-га чейин сакталган; 2) чет эл­дик социалдык антропологияда «К.» термини­нин алгачкы мааниси патрилиниялык урукка карама-каршы келген матрилиниялык эгзо­гамдык ин-ттарды билдирет. Орус илиминде К. түшүнүгү: а) уруу термини м-н бирдей; б) уруу­лук жамаат же жамаат (Н. А. Бутиновдуку б-ча); в) патронимия терминине синоним, о. эле бир атадан тараган үй-бүлөлүк топ (М. В. Крю­ковдуку б-ча) катары да колдонулат. К. ж-дө: туугандардын биримдиктүү тобу мис., «Кеннеди кланы»), атүгүл максатташ адамдардын уюмдаш­кан тобу (мис., АКШда расисттик уюм Ку-клукс­кландык аталышынын келип чыгышы ж-дө бир божомол) ж. б. түшүнүктөр кеңири таралган.


Ад.: Крюков М. В. О соотношении родовой и патронимической (клановой) организации // Советская этнография. 1967. ¹ 6; Мердок Дж. П. Социальная структура. М., 2003.