КИШИНЁВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИШИНЁВ , К и ш и н э у – Молдова Респ-нын борбору, шаар. 1995-жылдан өзгөчө автономия


Шаардын кире бериши.

статусу бар өзүнчө адм. бирдикти – муниципий­ди түзөт. Бык д-нын боюнда (Днестрдин оң куй­масы), Кодр токойлуу дөңсөөсүндө, деңиз деңг. 429 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 785,1 миң (2008; агломерациясында 1,3 млн). Темир ж-а автомобиль жолдорунун ири тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1466-жылдан «Акбашев Кешенев» деп эскерилет. 1712-ж. расмий булак­тарда шаар деп аталган. 15-к-дын башынан Ос­мон империясынын, 1812-жылдан Россия им­периясынын, 1918-жылдан Румыниянын, 1940- жылдан СССРдин (Молдаван ССРинин борбору) курамында болгон. 1991-жылдан Молдова Респ­нын борбору. Машина куруу (а. и. а. ч. маши­налары, соода ж-а тамак-аш, авиация, муздат­кычтар, электр-өлчөөчү приборлор ж. б. ө. ж. үчүн жабдуулар, телевизорлор ж. б.), тамак-аш– татымалдар [жашылча-жемиш консервалары, шарап даярдоочу (салттуу мүнөзгө ээ), тамеки], хим. (фармацевтика, лак-боёктор, пластмасса буюмдары, парфюмерия), жыгаччылык (а. и. эме­рек) ө. ж. ишканалары ж-а кондитер (250гө жа­кын продукция чыгарат), тигүү ф-калары, айнек такталар з-ду, трикотаж бирикмеси иштейт. Ки­лем токулуп, зер буюмдар даярдалат. Шаардын борбордук аянтында салтанат капкасы, тарыхый бөлүгүндө Орган залы жайгашкан. О. эле кафед­ралуу собор (учурда сүрөт музейинин филиалы), Мазаракиевск (18-к.), Рышкановск (18-к.) ж-а Благовещенск (19-к-дын башы) чиркөөлөрү сак­талган. К-до Улуу Стефан IIIгө, М. Горькийге, Л. Н. Толстойго ж. б-га эстелик орнотулган.
К. – Молдованын илим, билим ж-а маданий ири борбору. Шаарда 30дан ашык ЖОЖ (а. и. мамл. ун-ттер), ИА, бир нече ИИИ, китепканалар (80ден ашык), А. С. Пушкиндин үй-музейи, 9 музей (а. и. тарых-край таануу, сүрөт, ад-т ж. б.), театр­лар (а. и. опера ж-а балет), филармония бар. К-до туристтер үчүн заманбап мейманканалар ку­рулган. Шаардын чегинде шарап сакталган Кри­ково атактуу жер төлөсү, Чыгыш Европанын түштүгүндөгү эң кооз табигый парк – Роза гүлдөр өрөөнү, күмүш көлмөлөр ж-а бүтүндөй бир парк скульптура галереясы жайгашкан. Жыл сайын эл аралык куурчак театрлар ж-а муз. фестивал­дар, конкурстар өткөрүлүп турат.


Ад.: Кишинёв. Энциклопедия. Киш., 1997; Киши­нёв// Большая Российская Энциклопедия. Т. 14. М., 2009.