КИШЕМИШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИШЕМИШ МӨҢГҮСҮ Түркстан кырка тоосу­нун түн. капталында, Кишемиш суусунун ала­бында жайгашкан. Уз. 9,6 км, аянты 5,8 км2. Башы деңиз деңг. 5020 м, этеги 3120 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4070 м. Абляция­сынын аянты 3,0 км2. Түркстан тибиндеги өрөөн мөңгүлөрүнө кирет. Кийинки мезгилде мөңгү че­гинип жаткандыгы байкалууда. Андан Исфа­ранын оң курамы – Кишемиш суусу башталат.