КИЧИ ӨРҮКТҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ ӨРҮКТҮ , И й р и - Ө р ү к т ү – Ысык- Көл обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Кутургу айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түш.-чыгышында, Кичи Өрүктү суусунун боюн­да, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз


деңг. 1720 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Түп кыш-нан 30 км батыш тарапта. Ба­лыкчы т. ж. бекетинен 161 км. Калкы 1148 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Медпункт, мад-т үйү бар.