КИЧИ НАРЫН КАПЧЫГАЙЫ
КИЧИ НАРЫН КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңир- Тоодо. Капка-Таш, Нура, Жетим тоолору м-н курчалат. Нарын р-нунун аймагында. Балгарт ж-а Жылаңач сууларынын кошулушунан Кичи Нарындын чатына чейин 45 кмге созулат. Таманынын жазылыгы баш жагында 500–700 м, орто жеринде 1,5–2,0 км, төмөнкү бөлүгүндө 2,5– 3,0 км; эң кууш жери 200–300 м (Сары-Күнгөй ж-а Жол-Жакшы суулары куйган аймакта); деңиз деңг. бийикт. 2350–2490 м. Капталдары Борду, Сары-Күнгөй ж-а Жол-Жакшы, Чыргайлы (оң куймалары), Кашка-Суу, Оорук-Там, Ат- Жайлоо, Калмак-Ашуу, Улан (сол куймалары) суулары ж-а алардын кокту-колоттору м-н тилмеленген. Чоң Нарынга чыга берген жеринде бир нече тектир бар (айрымдарынын туурасы 800 мге чейин). Капчыгайдын таманынан тоолордун кырына чейинки салыштырмалуу бийикт. 1500– 2000 м. Таманы палеоген, неогендин конгломерат, кумдук, алевролит ж. б., капталдары девон м-н ордовиктин акиташ теги, доломит, сланец, кумдук тоо тектеринен түзүлгөн. Аларды айрым жерлерде гранит, гранит-диорит интрузиялары жиреп чыккан. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы –19°С, июлдуку 10°С, жылдык жаан-чачыны 350 мм. Талаа (2500 м бийикке чейин), бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2500–2600 м), андан жогору субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ж-а шалбаа ландшафттары басымдуу. Жайыт.