КИЧИ НАРЫН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ НАРЫН КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңир- Тоодо. Капка-Таш, Нура, Жетим тоолору м-н курчалат. Нарын р-нунун аймагында. Балгарт ж-а Жылаңач сууларынын кошулушунан Кичи Нарындын чатына чейин 45 кмге созулат. Та­манынын жазылыгы баш жагында 500–700 м, орто жеринде 1,5–2,0 км, төмөнкү бөлүгүндө 2,5– 3,0 км; эң кууш жери 200–300 м (Сары-Күнгөй ж-а Жол-Жакшы суулары куйган аймакта); деңиз деңг. бийикт. 2350–2490 м. Капталдары Борду, Сары-Күнгөй ж-а Жол-Жакшы, Чыргай­лы (оң куймалары), Кашка-Суу, Оорук-Там, Ат- Жайлоо, Калмак-Ашуу, Улан (сол куймалары) суулары ж-а алардын кокту-колоттору м-н тил­меленген. Чоң Нарынга чыга берген жеринде бир нече тектир бар (айрымдарынын туурасы 800 мге чейин). Капчыгайдын таманынан тоолордун кы­рына чейинки салыштырмалуу бийикт. 1500– 2000 м. Таманы палеоген, неогендин конгломе­рат, кумдук, алевролит ж. б., капталдары де­вон м-н ордовиктин акиташ теги, доломит, сла­нец, кумдук тоо тектеринен түзүлгөн. Аларды айрым жерлерде гранит, гранит-диорит интру­зиялары жиреп чыккан. Климаты континент­тик, январдын орт. темп-расы –19°С, июлдуку 10°С, жылдык жаан-чачыны 350 мм. Талаа (2500 м бийикке чейин), бадал аралашкан шал­баалуу талаа (2500–2600 м), андан жогору суб­альп ж-а альп шалбаалуу талаа ж-а шалбаа ландшафттары басымдуу. Жайыт.