КИЧИ КЫЗЫЛ-СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ КЫЗЫЛ-СУУ – Тескей Ала-Тоонун чы­гыш бөлүгүнүн түн. капталынан агып түшкөн суу. Ысык-Көлдүн куймасы. Жети-Өгүз р-нун­да. Уз. 37 км, алабынын аянты 139 км2. Суу ку­ралуу аянтынын орт. бийикт. 2930 м. К. К.-С-га уз. 21 км болгон 9 суу куят. Көп жылдык орт. чыгымы 1,25 м3/сек. Май–сентябрь айларында кирип, октябрь–апрель айларында тартылат.
Июль айы сууга мол (орт. чыгымы 3,2 м3/сек), декабрь – февралда сууга өксү (0,4 м3/сек) бо­лот. Эң көп чыгымы 45 м3/сек, эң азы 0,08 м3/сек. Декабрдын ортосунда муз каптап, марттын ая­гында ачылат. Муздун калыңдыгы 25–40 смге жетет. Сугатка пайдаланылат. К. К.-С-дан 3 м3/сек­га жакын суу өткөрүүчү 8 канал чыгарылган.
Өрөөнүндө Кызыл-Суу кыш. жайгашкан.