КИЧИ КЕМИН 1
КИЧИ КЕМИН – Чүй д-нын оң куймасы. Кемин р-нунда. Иле Ала-Тоосунун түш. капталынан башталып, түш.-батышты карай адегенде Ак- Түз капчыгайы, андан төмөн Кичи Кемин өрөөнү аркылуу агып, Чүй д-на жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Уз. 81 км, алабынын аянты 614 км2. Жогорку бөлүгүндө кууш өрөөн м-н агып, ортоңку агымында сайы кеңийт. Жылдык орт. чыгымы 2,10 м3/сек. Эң көп чыгымы 8,63 м3/сек (июль), эң азы 0,46 м3/сек (февраль). Ири куймалары: Кертабылгы (19 км), Сасык-Булак (15 км). Жээгинде Ак-Түз шаарчасы, Ильич, Жаңы-Жол, Кичи Кемин, Боролдой кыш. жайгашкан.