КИЧИ БҮЛӨӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ БҮЛӨӨЛҮ – Ош обл-нун Алай р-нунда­гы кыштак. Бүлөөлү айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 2120 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Гүлчө кыш-нан 38 км түш.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 120 км. Калкы 1000ге чукул (2007); негизинен мал м-н алекте­нет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, клуб, ФАП бар.