КИТС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТС Жон (31. 10. 1795, Лондон – 23. 2. 1821, Рим) – англ. акын. Романтикалык лириканын ири чебери, англис ж-а европа ад-тында эсте­тизмдин баштоочуларынын бири. Туңгуч ырлар жыйнагы 1817-ж. жарык көргөн. Ал «Энди­мион» (1918) аттуу патриархалдык-утопиялык идиллиясында пуритандык митаам такыбасы­нуулукка каршы нааразылык билдирет. К. – табияттын кооздугуна арналган «Күзгө», «Пси­хеяга» одаларынын, «Гиперион» (1820) деген ал­легориялык поэманын ж-а «Ламия», «Изабел­ла» поэмаларынын автору.