КИТЕПКАНА КАТАЛОГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТЕПКАНА КАТАЛОГУ – китептердин китеп­каналардагы тизмеси. К. к. китеп казынасында кандай китептер бар экенин тактап билүүгө, алар­ды тандап окууга көмөк берет. К. к. китеп окуу­чу ж-а жумушчу деп экиге бөлүнөт: окурман өзү издеген китеп кайсы жерде жайгашканын сурап алат ж-а китепканадагы бардык китептердин тизмеси кирет. Материалдардын бөлүнүшүнө жараша каталогдор системалык ж-а предмет­тик, алфавиттик, номерлүү ж. б. болуп ажыра­тылат. С и с т е м а л ы к ж-а п р е д м е т­т и к каталогдо китептерге жазылган карточка­лар илимдин тармактары б-ча бөлүнүп, алфавит тартибинде жайгашат. А л ф а в и т т и к ката­логдогу карточкалар китеп авторлорунун аты­жөнү ж-а китептин өзүнүн аталышы алфавит тартибинде берилет, н о м е р л ү ү каталогдо карточкалар китепке берилген номерлер б-ча орун ээлейт. Кырг-ндын респ., обл., шаардык ж-а ра­йондук китепканаларында алфавиттик ж-а сис­темалык К. к. уюштурулган.