КАШКА БЕДЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:56, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА БЕДЕ (Melilotus) – чанактуулар туку­мундагы бир жылдык же эки жылдык өсүмдүк уруусу. Кашка беденин 25тей түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө 12 түрү белгилүү.

Кашка беденин сабагы түз, бутактанып өсөт, жылмакай (бийиктиги 1,5–3 мче). Жалбы­рагы үчилтик, чети тарамдуу. Гүлү майда, чачы сымал, сары же ак. Чанагы сөлпү, кара же сары, уругу майда. 1000 данынын салмагы 1,7–1,9 г. Та­мыры чың, жерге 1,5–2 м терең кирет. Кургак­чылыкка, суукка чыдамдуу, топуракты анча тан­дабайт. Акиташтуу топуракта жакшы өсөт. Не­гизинен эки түрү – ак кашка беде ж-а сары же дары кашка беде көп эгилет. Тоютка негизинен ак кашка беде ай­далат. Курамында белок, витамин ж-а минерал туздар көп. Тоюттук сапаты жагынан кадимки бедеден калышпайт. Ак кашка беденин курамында 73,2% суу, 44% протеин, 0,5% май, 9,7% клет­чатка, 10,5% азотсуз зат, 1,7% күл бар. 100 кг кургак чөбүндө 44,0 тоют бирдиги, 11,6 кг сиңимдүү про­теин болот. Гектары­нан 200 цден түшүм алынат. Кашка беде балдуу өсүмдүк, бал аарыла­ры ар гектардан 200–500 кгга чейин бал топтойт. Кыргызстандын шор топурактуу жер­леринде өстүрүлөт.