КАУЧУКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:22, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАУЧУКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР – айрым органда­ры ж-а ткандары каучук пайда кылып, аны топтоочу өсүмдүктөр (гевея, көк сагыз ж. б.). Каучуктуу өсүмдүктөрдүн ар кандай тукумдарга кирген 1500дөн ашык түрү белгилүү, бирок азы гана өнөр жайында ке­ректелет. Каучуктуу өсүмдүктөр каучук топтолуучу ткандарына карата латекстик (каучук сүт ширесинде), хло­ренхималык (өркүн м-н жалбырактын жашыл тканында) ж-а паренхималык (сабак, тамырын­да) болуп бөлүнөт. Булардын ичинен латекстүү дарактарда (гевеяда) каучук өтө көп, оңой алы­нат, ал дүйнөдөгү алынуучу каучуктун 95%ин берет. Калган 5%и башка тропик дарактары­нан (сапиум, маннок, фикус, кастилла ж. б.) алынат. Латекстик каучуктуу өсүмдүктөр (тоо сагыз, көк сагыз ж. б.) мелүүн алкакта, КМШ өлкөлөрүндө ДА өсөт.