КАШКА-ТЕРЕК
КАШКА-ТЕРЕК – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кыз-Көл айыл округуна караштуу. Көгарт суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1120 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 27 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 25 км. Кыштак 1896-жылы негизделген. Калкы 1007 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.