КАШКА-СУУ ( Чоң Алай районунда­гы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:11, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ – Ош облусунун Чоң Алай районунда­гы кыштак. Кашка-Суу айыл округунун борбо­ру. Деңиз деңгээлинен 2680 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 44 км түндүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 240 км. Калкы 3019 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бак­ча, клуб, мечит бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, АТС, оорукана, соода түйүндөрү иштейт.