КАСЫБЕКОВ Эркинбек Шактыбекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:46, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Dilde moved page КАСЫБЕКОВ to КАСЫБЕКОВ Эркинбек Шактыбекович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСЫБЕКОВ Эркинбек Шактыбекович (1963-жылы туулган, Фрунзе шаары) – биология илимдеринин доктору (2002). КМУну (1985), Кыргыз ССР ИАнын биология ин­ститутунун аспирантурасын (1990) бүтүргөн. 1990- жылдан ошол эле жерде кенже, улук илимий кыз­маткер, Каунтерпарт консорциумунда машык­тыргыч – консультант, директордун орун баса­ры, Кыргызстан орнитология илимий коомунун төрөга­сы (1993), 1998-жылдан Каунтерпарт консорциу­мунун директору. 40тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 монографиясы бар.

Эмг.: Население наземных позвоночных Севернего Кыргызстана (в соавторстве). Б., 1991.