КАРЫШКЫРЛАР
КАРЫШКЫРЛАР (Canis) – жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн ит сымалдар тукумунун уруусу. Дене узундугу 70–160 см, куйругунун узундугу 20–50 см. Буттары узун, жылына 2 жолу түлөйт. Алардын 6 түрү Евразия, Африка, Америка, Гренландияда кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү бар. Жаныбарлар м-н азыктанат. Көбүнчө мал жайытында, талаа, чөлдө жашайт. Түсү сур, тундра карышкыры куу, чөл карышкыры саргыч. Өмүр бою жубу м-н, кээде кышкысын үйүр болуп жүрүшөт.

Ылаңдаган же өлгөн жаныбарды жеп, санитар ролун аткарат; табигый биоценоздо туяктуулардын санын жөнгө салып турат . 62– 75 күн көтөрүп, 3–13 (демейде 4–6) бөлтүрүк тууйт. Бир айдан кийин аларды эт жегенге үйрөтөт. Күзүндө эле бөлтүрүктөр чоңдор м-н кошо жашап, жаныбарларга кол салат. Мал чарбасына зыян келтирет.