КАШКА-ДАРЫЯ ВИЛАЕТИ
КАШКА-ДАРЫЯ ВИЛАЕТИ Өзбек Республикасындагы административдик-аймактык бирдик. 1964-жылы 7-февралда уюшулган. Республиканын түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 28,4 миң км2. Калкы 3,5 млн (2025). Административдик борбору – Карши шаары. Административдик-аймактык жактан 14 районго бөлүнөт.
Кашка-Дарыя вилаети Памир-Алай тоо системасынын батышында, Кашка-Дарыянын алабында, деңиз деңгээлинен 2938 м бийиктикте жайгашкан. Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Карши, Нишан талаалары ж-а Сандык кумдуу чөлү ээлейт. Түндүк-чыгыш ж-а түштүк-чыгышында Заравшан, Ысар кырка тоолорунун тармактары жатат. Климаты кескин континенттик, кургак. Январдын орточо темпрасы –0°С, июлдуку 31,5°С. Жылдык жаан-чачыны 200–250 мм, тоо этектеринде ж-а тоолордо 500 ммге чейин. Башкы дарыясы – Кашка-Дарыя, анын куймалары: Ак-Суу, Кызыл-Дарыя. Облустун түштүк бөлүгү кумдуу, такыр, шор жерлер кездешет. Тоолоруна бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Кыртышы боз, күрөң ж-а тоошалбаа топурактуу. Чөлү өсүмдүктөргө жарды (негизинен эфемер, шыбак). Кашка-Дарыянын өрөөнүндө тал, терек, тоолорунда бадал, арча өсөт. Тоонун төмөнкү капталдары жайыт катары пайдаланылат. Калкынын негизин өзбектер (85%) түзүп, ошондой эле тажик, орус, татар, түркмөн ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2ге 71 киши. Айыл калкы 73%. Шаарлары: Карши, Шахрисабз [бул шаарда Амир Тимур (Темирлан) туулган], Китаб, Касан, Мубарек, Яккабог, Гузар, Камаши.
Өнөр жайы негизинен курулуш материалдарын (темир-бетон конструкциялары, кыш, акиташ ж. б.), тамак-аш (эт, сүт, нан, ун комбинаттары, консерва, шарап, май ж. б.) өндүрүүгө адис-