КАШКА БЕДЕ
КАШКА БЕДЕ (Melilotus) – чанактуулар тукумундагы бир жылдык же эки жылдык өсүмдүк уруусу. 25тей түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө 12 түрү белгилүү.

Кашка беденин сабагы түз, бутактанып өсөт, жылмакай (бийиктиги 1,5–3 мче). Жалбырагы үчилтик, чети тарамдуу. Гүлү майда, чачы сымал, сары же ак. Чанагы сөлпү, кара же сары, уругу майда. 1000 данынын салмагы 1,7–1,9 г. Тамыры чың, жерге 1,5–2 м терең кирет. Кургакчылыкка, суукка чыдамдуу, топуракты анча тандабайт. Акиташтуу топуракта жакшы өсөт. Негизинен эки түрү – ак кашка беде ж-а сары же дары кашка беде көп эгилет. Тоютка негизинен ак кашка беде айдалат. Курамында белок, витамин ж-а минерал туздар көп. Тоюттук сапаты жагынан кадимки бедеден калышпайт. Ак кашка беденин курамында 73,2% суу, 44% протеин, 0,5% май, 9,7% клетчатка, 10,5% азотсуз зат, 1,7% күл бар. 100 кг кургак чөбүндө 44,0 тоют бирдиги, 11,6 кг сиңимдүү протеин болот. Гектарынан 200 цден түшүм алынат. Кашка беде балдуу өсүмдүк, бал аарылары ар гектардан 200–500 кгга чейин бал топтойт. Кыргызстандын шор топурактуу жерлеринде өстүрүлөт.