ЕВРОПА АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:11, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРО́ПА АРАЛЫ Франциянын ээлиги (1897-жылдан). Инди океанындагы Мозамбик кысы­гында жайгашкан. Аянты 28 км2. Туруктуу жашаган калкы жок. Аралда анча чоӊ эмес ас­кер гарнизону жана метеостанция бар. Кийинче­рээк станция автоматташтырылып, анда иш­теген кызматкерлер өз мекенине кайтышкан. Убактылуу жай мезгилинде гана иштеген (узундугу 1 км) аэропорту бар. Табигый ландшафты өз­гөрбөй сакталган арал. Ал мангр токою менен кап­талган. Кокос пальмасы көп өсөт. Улуттук ко­рук. Жапайы эчки кездешет. Океандан аралга миӊдеген жашыл таш бакалар чыгып, жумурт­калайт.