КАШАТ (Ысык-Көл районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАШАТ to КАШАТ (Ысык-Көл районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШАТ – Ысык-Көл районундагы кыштак. Темир айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1718 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон- Ата шаарынан 30 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 108 км. Калкы 3615 (2009); негизи­нен мал менен алектенет. Орто мектеп, китепка­на, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт, клуб бар. Улуу Ата Ме­кендик согушта курман болгондорго эстелик тур­гузулган.