КАЧКЫНЧЫ
КАЧКЫНЧЫ – Жалал-Абад шаарындагы Т. Тайгараев атындагы айыл округуна караштуу кыштак. Жалал-Абад шаарынан ж-а темир жол бекетинен 12 км чыгыш тарапта. Калкы 3387 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал м-н да алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт.