КАФИРНИГАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:47, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАФИРНИГА́Н – Тажик Республикасындагы дарыя, Аму-Дарыянын оң куймасы. Узундугу 387 км, ала­бынын аянты 11,6 миң км2. Ысар кырка тоосу­нан башталып, Ысар өрөөнү ж-а анын түштүк-ба­тышындагы тоолор аркылуу агат. Орточо чыгы­мы 156 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Орджоникидзе-Абад шаары жайгашкан.