КАУСТОБИОЛИТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАУСТОБИОЛИТТЕР (гр. kaustos – күйүүчү, bios – тиричилик, lithos – таш) – органикалык жол м-н пайда болгон күйүүчү кен байлык. Өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын калдыктарынан ж-а алар­дын геологиялык-химиялык факторлордун натыйжасында өзгөрүп кетишинен келип чыгат. Алар көмүр (чым-көң, күрөң ж-а таш көмүр, күйүүчү сла­нецтер) ж-а нефть (асфальт, озокерит, күйүүчү газ) болуп эки топко бөлүнөт. Көмүр тобуна ки­рүүчүлөр алгачкы затына ж-а пайда болуу шар­тына жараша сапропелит, гумит ж-а липтоби­олиттерден турат, к. Көмүр кендери.