КАРДИОЛОГИЯ
КАРДИОЛО́ГИЯ (гр. kardia – жүрөк ж-а ...логия) – медицинанын жүрөк-кан тамыр системасынын түзүлүшүн, функциясын, ооруларынын пайда болуу себебин диагноздоо, оорунун өтүшүн, дарылоо ж-а алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу бөлүмү. Кардиология жөнүндөгү маалыматтар байыркы адабияттардан белгилүү. 17–19-кылымдарда коронар кан айлануусу ачылып, жүрөк кемтигинин кээ бир түрү, стенокардия ж. б. оорулар белгилүү болгон. Франциялык врач Р. Лаэннек стетоскоптун жардамы м-н жүрөктүн согуу добушун угуу ыкмасын киргизип, көпчүлүк жүрөк ооруларына диагноз коюуну жеңилдеткен (1819). 19–20-кылымдарда физиологиянын өнүгүшү, айрыкча И. М. Сеченов, И. П. Павлов ж. б-дын эмгектери кардиологиянын андан ары өнүгүшүнө көмөк болгон. Голландиялык илимпоз В. Эйнтковен электрокардиография (1903), орус врачы Н. С. Коротков артерия кан басымын аныктоодо добушту угуу методун сунуш кылган. Азыркы кардиология эң татаал диагностикалык ж-а дарылоочу аппараттар м-н жабдылган. Жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоодо рентгеноскопия, рентгенография, ангиокардиография, электрокимография ж. б. методдор колдонулат. Техниканын жетишкендиктери ж-а диагностиканын азыркы методдору жүрөккө операция жасоого мүмкүнчүлүк түздү. 1967-жылы америкалык врач К. Барнард медицинанын тарыхында 1-жолу жүрөктү көчүрүү операциясын жасаган. Россияда жүрөк-кан тамырга А. Н. Бакулев, Б. В. Петровский, А. А. Вишневский ж. б. операция жасашкан. Кыргызстанда биринчи жолу 1958-жылы И. К. Ахунбаев жүрөккө операция жасаган. 1977-жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек) кардиология ИИИ ачылган (азыр Улуттук кардиология жана терапия борбору).