КАРА ШАКЫЛДАК
КАРА ШАКЫЛДАК (Aquila heliaca) – бүркүттөр тукумундагы куш. Узундугу 80 смдей, канатын жайганда 2 мге жетет. Чанда жолугуучу, көчүп жүрүүчү куш. Кээ бир маалыматтарга караганда кара шакылдактын Ысык-Көлдө, Кыргыз Ала-Тоосунда ж-аТалас өрөөнүндө уялаганы белгилүү. Көбүнчө сейрек дарактуу, ачык жерлерди мекендейт. Ал бардык ачык талаалар айдалгандыктан, башка тынч жерге ооп кетүүгө мажбур болгон. Кара шакылдак эски уясын пайдаланат.

1–3 жумуртка тууйт. Кара шакылдак көбүнчө айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчү ж-а оору жугузуучу кемирүүчүлөр м-н азыктанып, пайда келтирет. Саны азайгандыктан, 1975-жылдан коргоого алынып, Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.