КАТАЛИЗ
КАТА́ЛИЗ (гр. katflуsis – бузулуу) – катализаторлордун таасири м-н реакциянын ылдамдыгынын өзгөрүшү. Ал гомогендүү ж-а гетерогендүү болуп бөлүнөт. Реакцияга кирүүчү заттар м-н катализатор бирдей фазада аракеттенишсе (газ же эритме), гомогендүү, ар түрдүү фазада болсо, гетерогендүү катализ деп аталат. Мисалы, гомогендүү катализге гидроксил м-н суутек иондорунун жардамы аркылуу жүрүүчү кислота негиздик катализ кирет. Химия өнөр жайында продукциялардын көпчүлүк бөлүгү гетерогендүү катализдин жардамы м-н алынат. Гетерогендүү катализ учурунда реакция катализатордун үстүңкү бетинде өтөт. Демек, катализатордун активдүүлүгү анын үстүңкү бетинин чоңдугуна ж-а касиетине көз каранды. Реакция активдүү аралык бирикмелер аркылуу жүрөт. Гетерогендүү реакцияларга, мисалы, аммиактын синтезделиши, азот кислотасын өндүрүүдө аммиактын кычкылданышы ж. б. кирет. Катализ биологиялык системаларда да өтө чоң ролду ойнойт. Тамак сиңирүү системасында, канда, жаныбарлардын ж-а адамдын клеткаларында өтүүчү химиялык реакциялардын көпчүлүгү катализдик реакциялар. Ферменттер – катализаторлор, жөнөкөй же татаал белоктор болуп саналат. Шилекейдин курамында крахмалды кантка айландыруучу птиалин ферменти бар. Ашказандагы пепсинфермент белокту ажыратууну катализдейт. Адам денесинде 30 миңге жакын ар түрдүү фермент бар; алардын ар бири тиешелүү реакциялардын натыйжалуу катализаторлору катары кызмат кылат.